КАКТООЧУ МАШИНА
КАКТООЧУ МАШИ́НА – көк чай жалбырагын алдын ала кургатуучу аппарат. Чай жалбырагынын нымдуулугун 75–78%тен 61–62%ке чейин жеткирет. К. м. туюк металл камерадан ж-а а. и. үстү-үстүнө туурасынан жайгашкан тилке-тилке болгон конвейерлерден турат. Конвейердин кыймылына жараша чай жалбырактары төмөн карай которулат. 45–48°Сге чейин ысытылган аба конвейер аркылуу жиберилип чай жалбырактарын кактайт.