КАКШААЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКШААЛ – Кырг-н м-н Кытай аймагы аркы­луу аккан дарыя, Таримдин алабы. Жогорку агымында Ак-Сай аталып, Көк-Кыя ж-а Мүдүрүм суулары кошулгандан кийин К. делет. Ак- Сай – Ат-Башы кырка тоосунун түш. капталы­нан, Көк-Кыя – Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Уз. (Көк-Кыя м-н Ак- Сайдын кошулушунан Кырг-ндын чек арасына чейин) 19 км. Жалпы уз. 345 км. Алабынын аянты 8270 км2. К. Ак-Суу м-н кошулуп, Тарим д-н түзөт. Ак-Сай суусу Чатыр-Ташка чейин ке­нен өрөөн м-н жайылып, андан ары кууштай баштап, Көк-Кыя кошулгандан кийин кууш, терең капчыгай аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 71 м3/сек. Эң көп чыгымы июль–ав­густта, азы декабрь–январда байкалат. Ок­тябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Мүдүрүм, уз. 98 км (сол); Көк- Кыя 83 км, Терек 55 км (оң). Сугатка пайдала­нылат (Кытайда). Жээгинде Чатыр-Таш, Сыңар- Жар, Ак-Талаа, Үч-Турпан, Сургун, Ак-Жар ж. б. кыш. жайгашкан. К-дын алабын эзелтен кыргыздар мекендейт.