КАКШААЛ ГРОССУЛЯР КЕНИ
КАКШААЛ ГРОССУЛЯ́Р КЕНИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Ат-Башы кыш-нан 140 км аралыкта, деңиз деңг. 3500 м бийикте. 1967-ж. табылган. Уз. 15–300 м, калыңдыгы 0,3–3 мден 10–15 мге чейинки скарн тулкуларынын тобу. Таш көмүр мезгилиндеги мраморлошкон акиташтын Какшаал массиви м-н чектешкен жеринде. Инфильтрациялык скарндар (бир нече участкада) гроссуляр катарына кирген жашыл гранаттын кристаллдарынан турат. Гранат ачык жашыл, кочкул жашыл, тунук, кошулмасы жок, кээ бир кристаллдарынын өлчөмү 1– 1,5 см. Пироксендүү, гранат-пироксендүү, волостаниттүү скарндарда тунук кызыл гранаттын 1 смге жеткен идиоморфтуу кристаллдары кездешет. Гранат зергердик буюмдарга жарамдуу.