КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКШААЛ ТОО ТИЗМЕГИ Теңир-Тоонун түштүгүндө, Кырг-н м-н Кытайдын чек арасы б-ча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орт. бийикт. 4500 м. Эң бийик чокулары: Же­ңиш (7439 м) ж-а Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чы­гышы Боз-Кыр деп аталып, Сары-Жаз капчы­гайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды,

Көйкап, Май-Баш. Ортоңку бөлүгү Кара-Ичке- Тоо, Ак-Зоо, Жангарт, Үч-Чоку, Кайчы тооло­рунан турат. Батышы Кара-Кыр, Торугарт ж. б. тоо тармактары кошулуп, Ак-Сай өрөөнүн көз­дөй жапыздайт. К. т. т-нин түш. бети тик (50– 60°), түн. бети жантайыңкы (30–40°). Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар м-н тилмеленип, көбүнчө зоока­луу. Негизги ашуулары: Бедел, Көк-Ирим, Би­киртик, Кайчы, Кара-Бел, Ак-Өгүз, Суук-Төр (4200 м). Сырт рельефи – айдөөш беттер; жан­тайыңкы тегиздиктер да кезигет (айрыкча борб. бөлүгүндө). К. т. т. – Түш. Теңир-Тоонун чегин­де жайгашып, структурасы б-ча герцин бүктө­лүүсүндө пайда болгон ж-а түн.-чыгышка карай багытталып жаткан мегантиклиналдык түзү­лүш. Неоген – төртүнчүлүк мезгилинде көтөрү­лүп, бийик чокулар пайда болгон. Негизинен палеозойдун (силур-карбон мезгилдери) акиташ теги, алевролит, кумдук, конгломерат ж-а чо­полуу сланецтерден түзүлгөн. Аларды гранит, гранит-сиенит ж-а сиенит интрузиялары жиреп чыккан, о. эле пегматит, аплит, роговик ж-а скарндар кеңири тараган. Какшаалда негизинен калай, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. кен­дер белгилүү. Курулуш материалдары көп; ми­нералдуу арашан суулар да чыгат. Байыркы мөңгүлөрдүн изи сакталган. Мөңгүлөрдүн тара­лышы жагынан Кан-Теңирден кийин 2-орунда. Ирилери борборунда ж-а чыгышында жайгаш­кан. Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү, 29,8 км2). Түн. беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, кара кыяк, ак сокто ж. б.); альп шалбаасы (3100–3500 м; бе­теге, түркстан сулусу, тоо сойгок ж. б.); субни­валдык суук талаа (3400–3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия ж. б.); гляциалдык-ни­валдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафт­тары мүнөздүү. Сары-Жаз капчыгайынан батыш­ты карай жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланат. Экол. тазалыгы сакталган.


Ад.: Шульц С. С. Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня («Записки Всесоюзного Географи­ческого общества», Новая серия, Т. 3). М., 1948; Природа Киргизии. Ф., 1962; Исаев Д. И. и др. Рельеф Киргизии. Ф., 1964; Чупахин В. М. Физическая геог-


рафия Тянь-Шаня. А.-А., 1964; Орозгожоев Б. О. При­рода высокогорных пастбищ Внутренного Тянь-Шаня.
Ф., 1968; Геология СССР, Т. 25, кн. 1–2, М., 1972.
Суюлтулган к-та ж-а жегичте жай эрийт. Кон­цент. щелочто эриткенде К-луу (H2SnO2) ж-а К. (H SnO ) к-тасынын туздары (с ан тер ж-а стан атта р) пайда болот. II валенттүү К. тузда-т ит