КАКЫР-ПИЛТАН
КАКЫР-ПИЛТАН – Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Нурабад айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 655 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 10 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 40 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1456 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, дарыкана бар. Соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.