КАЛАК БУТ КУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАК БУТ КУШТАР (Peleanitares) – сууда сүзүүчү куштардын түркүмү. Манжалары сүзгүч жаргакча м-н капталган. Тамагында баш­тыкчасы бар, жүнү калың. 6 тукуму, 55 түрү белгилүү. Моногамдар. Эркек, ургаачысы экөөлөп балапан басып чыгарат. Негизинен балык ж. б. суу жаныбарлары м-н азыктанат. 5 түрү, 1 түр­чөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.