КАЛАК БУТТУУЛАР
КАЛАК БУТТУУЛАР (Pinnipedia) – cууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. Сууда жашоого ыңгайланып, денеси ийик сымал, жылмышчаак, беш манжалуу буттары калакка айланган, куйругу кыска. Жынысташуу, тукумун эмизүү, түлөө ж-а эс алуусу кургакта же муз үстүндө жүрөт. Тери астында калың май катмары (10 смге чейин) жылуулукту жөнгө салат ж-а азык зат запасы болуп эсептелет. Тиши жылмакай, деңиз жаныбарларын кармоого ылайыкталган. Эркеги ургаачысынан чоңураак. Сезүү органдарынан угуу ж-а көрүүсү жакшы өөрчүгөн. 3 тукуму: суу жолборстор (1 түр), кулактуу тюлендер ж-а тюлендер бар. Азыр 21 уруусу 31 түрү белгилүү. Бардык океандарда, КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү Тынч, Атлантика океандарынын ж-а Кара, Каспий деңиздеринде кездешет. Көбү мо-

ногамдар, ургаачысы 3–4, эркеги 5–6 жашында жыныстык жактан жетилет. 11–12 ай көтөрүп, жылына бир жолу 1 чоң бала тууйт. Саны азайып кеткендиктен, 6 түрү, 3 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.