КАЛАХАРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАХА́РИ (жерг. тилде карри-карри – азап­тозок) – Түш. Африканын борб. бөлүгүндөгү та­бигый аймак; негизинен Ботсвананын, о. эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве ж-а ТАР-дын аймактарында. Геоморфол. жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн км2. Чы­гышынан Дракондун этек тоолору м-н чекте­шип, батышында тепкичтүү Намибия платосу­на акырындап өтөт. Түн. чек арасы шарттуу түрдө Конго ж-а Замбези д-нын суу бөлгүчү бол­гон плато, түштүгү Оранж д-нын өрөөнү аркы­луу өтөт. Кээде «К.» деп ойдуңдун эң кургак­чыл болгон борб. ж-а түш. бөлүктөрү (аянты 0,9 млн км2) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийикт. 900–1000 м) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт ж-а агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийикт. түштүгү м-н түш.-батышында 100 мге жетет) м-н кап­талган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борб. ж-а түш. бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орт. темп­расы 24–27°С (түш.-батышында 30°С), июлдуку 12–18°С (түш. четинде 9°С). Жылдык жаан-ча­чыны түштүгүндө 150 ммден түндүгүндө 800 ммге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези ж-а Оранж д. агып өткөн түн. ж-а түш. чет­жакаларынан башкасы) ички агымдар алапта­рына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы – Окаванго. Замбези д-нан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сей­рек токой таралган. Борб. бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түш.- батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. К-нин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жер­леринде кен (а. и. алмаз ж. б.) казылып алы­нат. К-нин аянтынын 1/ бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари ж-а Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).