КАЛАШНИКОВ 1
КАЛА́ШНИКОВ Михаил Тимофеевич (10. 11. 1919, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Курья кыш.) – конструктор, генерал-лейтенант (1999), 2 жолку Соц. Эмг. Баатыры (1958, 1976), техника илимд. доктору (1971). СССРдин мамл.

(1949), Лениндик (1964), РФ мамл. (1997) сыйлыктарынын ээси. 1938-ж. аскер кызматына чакырылып, танкисттер полкунда механикайдоочудан танктын командирине чейин көтөрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-ж. августтан октябрга чейин) армияда танк командири. 1941-ж.
октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942–49-ж. миномёт-аткыч куралдарын сыноо полигонунун ил.-из. борборунда (Коломна ш.) кызмат өтөп жүрүп, «7,62 ммлик Калашников автоматы 1947-жылкы үлгүдөгү» (АК) жаңы атма куралын ойлоп тапкан (к. Автоматтык ок атуучу куралдар). Армиядан кийин (1949) Ижевск машина куруу з-дунда конструктор. Ал конструкциялаган станокко коюлуп атылуучу ж-а кол пулемёту (ПК) 1961-ж. куралдуу күчтөргө кабыл алынган. Кийин АК ж-а ПКнын базасында жаңы бир нече куралдын түрлөрү модернизацияланып (мис., АКМ, АКМС, РПК, РПКМС, ПКТ ж. б.), 1974-ж. 5,45 ммлик автоматтын АК-74, АКС-74, пулемёттун РПК-74, РПКС-74 жаңы түрлөрү чыккан. К-дун куралдары жөнөкөй, жогору натыйжалуу, ишенимдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Үч Ленин, 2-даражадагы «Мекенге кылган кызматы үчүн», Ыйык Андрей Первозванный ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Записки констуктора-оружейника. М., 1992; Я с вами шёл одной дорогой. М., 1999;
Ад.: Дынин И. М. Творцы советского стрелкового
оружия. М., 1989.