КАЛДАМА АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 4 Июль (Теке) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДАМА АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде, Көгарт суусунун башында. Бийикт. 3062 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 300–400 м. Негизинен силур-девондун акиташ теги, мрамор, сланец тектеринен турат. Ашуу июлдан ноябрдын башына чейин ачык. Ал аркылуу Жа­лал-Абад обл-н Нарын обл. м-н байланыштыр­ган автомобиль жолу өтөт. Ашуунун мойногу түзөң шагылдуу ж-а кумдуу, түн.-чыгыш капта­лы тигирээк. Чарбачылыкта мааниси чоң.