КАЛЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 4 Июль (Теке) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЕ́ – Франциянын түндүгүндөгү шаар. Па­де-Кале департаментинде. Калкы 72,9 миң (2008; шаар айланасы м-н 100 миң). Па-де-Кале кысы­гынын жээгинде, Дувр (Британия) портунун ту­шунда жайгашкан. Порт (жылына 41,5 млн т жүк ташылат). Тез ылдамдыктагы т. ж. аркы­луу Париж, Лондон ж-а Брюссель ш. м-н бай­ланышат. Шаар 8-к-дан белгилүү. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 68%и тейлөө чөйрө­сүндө эмгектенет. Анын башкы секторлору: транспорт ж-а логистика. Текстиль, тигүү (а. и. тор токуу, аялдардын тигилүү көйнөгү ж. б.), электр-тех. (а. и. суу астында иштөөчү телеком­муникация ж-а электр кабелдери), хим., тамак­аш ө. ж. ишканалары иштейт. Мэриянын коң­гуроолуу имараты же «беффруа» (20-к-дын башы) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Кароол мунарасы (13-к.), Нотр-Дам чиркөөсү (13–15-к.), 17-к-дын фортификация курулуштары сакталган. Ун-т, музейлер бар.