ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР
ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧТӨР – электр өткөрүүсү металлдыкынан (106–104 Ом–1см–1) аз ж-а диэлектриктен (10–8 – 10–12Ом-1см–1) чоң болгон заттар. Металлдан айырмаланып, температура көтөрүлгөндө электр өткөргүчтүгү жогорулайт, тескерисинче, төмөнкү температурада азаят. Электр өткөргүчтүгүнө температурадан башка жарык, электр талаасы, бөлүкчөлөрдүн агым ылдамдыгы ж. б. таасир этет. Жарым өткөргүчтөр кристалл, аморфтук ж-а суюк заттардан туруп, аларга Ge, Si ж. б. кирет. Электрондор ж-а көңдөйчөлөр заряд алып жүрүүчү болуп эсептелет. Идеалдуу кристаллда алар түгөйлөш жүрүп, концентрациясы бирдей болот. Ал эми реалдуу кристаллда электрондор м-н көңдөйчөлөрдүн концентрациясынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн, бул учурда өткөрүмдүүлүк алып жүргүчтүн бир гана тиби (электрон же көңдөйчө) м-н ишке ашырылат. Эгер кристаллдын кандайдыр бир зонасы электронго толуп, ал эми экинчиси таптакыр бош ж-а чоң тоскоол кеңдигине ээ болсо анда ал диэлектрик болот. Температура Т=0 болгондо чала толгон зоналары жок ж-а тоскоол зонасы диэлектриктикинен кууш кристаллдар жарым өткөргүчтөр деп аталат. Жарым өткөргүчтөр таза (элементардык) ж-а аралашмалуу болуп экиге бөлүнүшөт. Таза жарым өткөргүчтөрдү түзүүчү 12 элементтин ар бири монокристаллдарды түзүшөт. Алар Менделеевдин таблицасынын III тобунан Бор (5В); IV топтон: 6С, 14Si, 32Ge, 50Sn; V топтон 15Р, 32As, 51Sb; VI топтон 16S, 34Se, 53Tl; VII топтон 53J. Аралашма жарым өткөргүчтөргө жогоруда каралган Жарым өткөргүчтөрдүн аралашмалары, алардын Жарым өткөргүчтөргө кирбеген элементтер м-н болгон аралашмалары, ошондой эле органикалык заттардын аралашмаларын да камтыган өтө көп түрлөрү кирет. Негизинен 2 типтеги аралашма жарым өткөргүчтөр кездешет. Эгерде таза жарым өткөргүчтөргө валенттүүлүгү жогору болгон элементтер (донорлор) кошулса, анда n тибиндеги жарым өткөргүчтөрдү алабыз. Жарым өткөргүчтүү материалга (мисалы, кремний, германий монокристаллдары ж. б.) кошунду атомдордон бир аз кошуп, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга болот. Бул учурда көңдөйчөгө караганда электрондору көп n тибиндеги же электронго караганда көңдөйчөсү көп р тибиндеги жарым өткөргүчтөр пайда болот. Качан гана n ж-а р тибиндеги материалдар биригип, р–n өткөөлү түзүлгөндө электр тосмосу пайда болуп, токту бир багытка жакшы, ал эми экинчи багытка начар өткөрөт. Жарым өткөргүчтөр электр, радио, жарык ж-а жылуулук техникасында, автоматикада, прибор курууда ж. б. техникалык тармактарда кеңири колдонулат.