ЖАСАЛМА БӨЙРӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 4 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА БӨЙРӨК , г е м о д и а л и з а ­т о р – бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппа­рат. Жасалма бөйрөк организмди алмашуу продуктусунан бошотот, бөйрөктүн катуу кармаган ж-а өнөкөт кемтигиндеги физиологиялык процесстерди жөнгө са­лат, ошондой эле ууланганда уу заттарды, ал эми дене шишип кеткенде, ашык сууну бөлүп чыгарат. 1913-жылы америкалык илимпоз Ж. Абель диализ үчүн түзгөн аппараттын негизинде 1944-жылы голланд илимпозу В. Колф жасалма бөйрөк аппаратын жасап, би­ринчи жолу колдонгон. Гемодиализде (жасалма бөйрөк иш­тегенде) оорулуунун каны төмөнкү көңдөй ве­надан сордуруп алынып, диализдөөчү эритме­лер м-н жарым-жартылай тазалангандан ки­йин, сырткы веналардын бирине кайра куюлат. Жасалма бөйрөк Кыргызстанда 1963-жылдан атайын адистеш­кен жайларда колдонулат.