ЖАСАЛМА ЖҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 4 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАСАЛМА ЖҮН – нооту (сукно) жана кийиз жасоодо колдонулуучу була. Кездемени бычуу­дан чыккан кесиндилерди же жүндөн жасалган эски кийимдерди кайра иштетүүдөн алынат. Жасалма жүн нооту жана кийиз өндүрүшүндө штапель, кебез булалар жана накта жүн менен аралаштыры­лып колдонулат.