ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ
ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ – оорулуу адамга же тажрыйба жасалуучу жаныбарга аппараттын жардамы м-н кан агымын жүргүзүү. Жасалма кан айландырууну бүт денеге же айрым мүчөгө (мисалы, колго же бутка) жасаса болот. Жасалма кан айландыруу аппаратын 1-жолу советтик илимпоз С. С. Брюхоненко 1925-жылы түзгөн. 50–60-жылдарда көкүрөк хирургиясынын жетишкендиги ж-а канды уютпоочу материалдын пайда болушу жасалма кан айландыруучу аппаратты чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Жүрөктү алмаштыруучу соргучу, өпкөнү алмаштыруучу оксигенатору бар азыркы аппаратты колдонуу м-н, жүрөктүн тубаса ж-а кийин пайда болгон кемтигин дарылоо, ири кан тамырлар, жүрөк капкаларын алмаштыруу операцияларын жасоого мүмкүнчүлүк болду. Бул операцияны жасоодо жүрөк убактылуу кан агымы
луш керек. Косметикалык Ж. к. айыкпаган ар түрдүү оорудан кийин көздү алып салган учурда салынат. Дарылоо үчүн жасалган Ж. к. пластмассадан, кээде дары кошулуп жасалат. Ал көздүн түрдүү катмарына жасалган пластикалык операциядан кийин ж-а көздү дарылоо үчүн коюлат. Диагноздук Ж. к. көзгө түшкөн жат нерсенин рентген аркылуу көздүн кайсы жеринде турганын билүү үчүн да колдонулат. Ал эми көздү сактоочу Ж. к. коргошун кошулган айнектен жасалып, көздүн ткандарын түрдүү нурлар м-н дарылоодо көздүн тканын сактайт. Аны түнкүсүн алып, бор к-тасынын эритмеси м-н чайкап, кургак кармоо зарыл.