ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ
ЖАСАЛМА КАН АЙЛАНДЫРУУ – оорулуу адамга же тажрыйба жасалуучу жаныбарга аппараттын жардамы м-н кан агымын жүргүзүү. Жасалма кан айландырууну бүт денеге же айрым мүчөгө (мисалы, колго же бутка) жасаса болот. Жасалма кан айландыруу аппаратын 1-жолу советтик илимпоз С. С. Брюхоненко 1925-жылы түзгөн. 50–60-жылдарда көкүрөк хирургиясынын жетишкендиги ж-а канды уютпоочу материалдын пайда болушу жасалма кан айландыруучу аппаратты чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Жүрөктү алмаштыруучу соргучу, өпкөнү алмаштыруучу оксигенатору бар азыркы аппаратты колдонуу м-н, жүрөктүн тубаса ж-а кийин пайда болгон кемтигин дарылоо, ири кан тамырлар, жүрөк капкаларын алмаштыруу операцияларын жасоого мүмкүнчүлүк болду. Бул операцияны жасоодо жүрөк убактылуу кан агымы