ЖАСАЛМА МИНЕРАЛДАР
ЖАСАЛМА МИНЕРАЛДАР – лабораториялык же техникалык процесстердин натыйжасында алынган кошунду заттар. Физикалык касиеттери боюнча алар көп учурда табигый минералдардан кем калышпайт. Жасалма минералдарды өндүрүүнүн лабораториялык жолдору КР УИАнын окумуштуулары тарабынан да өздөштүрүлгөн.