ЖАСООЛ
ЖАСООЛ (түрк, ясаул, йасаул – башчы) – түз мааниде кароол башчысы. Кийинчерээк мамлекет башчыларынын буйрук, чечимдерин аткарып, улук, акимдерди жандап жүргөн адамды да жасоол деп аташкан. Падышалык Россияда аскердик наам катары (есаул) 1576-жылдан кабыл алынган. Колония саясатында жергиликтүү бийликти чыңдоо үчүн жасоол кызматы Октябрь ревясына чейин пайдаланылган. Мисалы, Кыргызстанда жасоол уезд башчысы, же болуш чабарманы кызматын аткарган.