ЖАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШТЫК , Ц е н т р а л ь н ы й – Баткен облусу­нун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 550 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 77 км түн.-чыгыш тарапта. Ленинабад шаарындагы Гафуров (Тажикстан) темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1983-жылы негизделген. Калкы 7314 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Гимназия, китепкана, клуб бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.