ЖАШЫЛ-КӨЛ (Лейлек районундагы көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАШЫЛ-КӨЛ to ЖАШЫЛ-КӨЛ (Лейлек районундагы көл)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы чакан көл. Лейлек районунун ай­магында. Ак-Суунун алабында жайгашкан. Ай-Көлдөн 3–4 км түндүк-батыш тарапта. Аянты 0,18 км2. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600 м. Көл чана­гы өрөөндүн чөгүп кетишинен пайда болгон. Көлгө майда өзөндөр куюп, андан агып чыккан суу Ак-Сууга кошулат.