ЖАШЫЛ-КӨЛ (тоо көлү)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАШЫЛ-КӨЛ 1 to ЖАШЫЛ-КӨЛ (тоо көлү)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛ-КӨЛ – Иле Ала-Тоосунун түштүк кап­талындагы тоо көлү. Чоң Кемин өрөөнүнүн төрүндө, деңиз деңгээлинен 3121 м бийикте жайгаш­кан. Аянты 0,27 км2. Көл өтө кооз, анын чана­гы байыркы зор көчкүнүн өрөөндү бөгөп калы­шынан пайда болгон. Көл мөңгү, жаан-чачын, кар суулары м-н толукталып, андан Жашыл-Көл суусу агып чыгат да, Чоң Кемин суусуна куят.