ЖАШЫЛДАНДЫРУУ
ЖАШЫЛДАНДЫРУУ – калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында бак-дарак тигүүгө, пайдаланууга багытталган чаралар системасы; республиканын бүткүл ландшафтын кайрадан түзүү маселесинин бөлүгү. Мында калктын турмуш-тиричилиги үчүн табият шартын, ыңгайсыз, начар жерлердин ландшафтын байытуу иши жүргүзүлөт. Жашылдандыруунун санитардык-гигиеналык, инженердик-техникалык, өрткө каршы ж-а эстетикалык зор мааниси бар. Бак-дарак микроклиматты жакшыртып, калк жашоочу жердин абасын, чаң, газ сыяктуулардан тазалайт (жалбырагы, сөңгөгү ж-а бутагы м-н тосот), жолдор м-н элдүү аймактарды чаңдан, шамалдан ж-а күрткүдөн коргойт, санитардык-гигиеналык шартын жакшыртат. Жашылдандыруунун өндүрүштүк базасын түзүү үчүн шаардын чет-жакасына питомник ж-а гүл өстүрүүчү чарба жайгаштырылат.