ЖАШЫЛЧАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 7 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШЫЛЧАЛАР — ширелүү бөлүгү тамак-ашка пайдаланылуучу эгилме же табигый чөп өсүмдүктөр. Жашылчалардын 620 түрү (78 тукумга кирет), КМШ өлкөлөрүндө 60 түрү бар. Анын теңи эгил­ме, калгандары табигый түрдө пайдаланылат. Жашылчалардын курамында эң көп витамин, белок, май ж-а углевод азык заттары, органикалык кислота, минерал заттар бар. Тамак-ашка сабак, жалбырак, жал­бырак сабы, кочаны (капуста, шибит, мангольд ж. б.), азык тамыры (сабиз, аш кызылчасы,чамгыр, түрп, шалгам ж. б.), пияз түбү (пияз, сарымсак ж. б.) ж. б. пайдаланылат. Жашылчалардын бир-эки ж-а көп жылдык түрлөрү бар. Бир жылдык жашылчалардын (чанактуулар, ашкабак уруу­сундагы өсүмдүктөр, шалгам ж. б.) өсүү цикли эгилген жылы эле аяктайт. Эки жылдык жашылчаларда (пияз, сарымсак, тамыры азык өсүмдүктөрдүн шалгамдан башкасы, капустанын түстүү ж-а пекин капустасынан башкасы ж. б.) 1-жылы тамак-ашка пайдаланылуучу бөлүктөрү, 2-жы-

Жашылчалар: 1 – капуста; 2 – бадыраң; 3 – пияз; 4 – баклажан; 5 – калемпир; 6 – шалгам; 7 – сабиз; 8 – чамгыр; 9 – ышкын; 10 – сарымсак; 11 – помидор.

лы уругу пайда болот. Көп жылдык жашылчалар – ыш­кын, козу кулак, эстрагон ж. б. Жашылчалардын көбү жылуу жерде, нымдуу, күрдүү топуракта жак­шы өсөт.