ДИНАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНА́Р (латынча denarius – денарий) – 1) aрабдар­дын байыркы алтын тыйыны. Динардын аталышы Римдин эски күмүш тыйыны – денарийдин атынан келип чыккан.

XIV кылымдагы динарлар (Бухара, Отрар).

Алгач VII кылымда чегилип, Чы­гыш мусулман элдеринде кеңири тараган. Сал­магы 2,4 г. IX–X кылымдарда бир динар 15 дирхемге, XI кылым­дын башталышында 20, XI кылымдын 2-жарымын­да 45 дирхемге барабар болгон. 1035-жылы 8 кг буу­дай же 12 кг арпа бир динарга сатылган. 1046-жылы түшүм мезгилинде бир динарга 160 кг жүзүм кел­ген. Өтө кымбат китеп 100 динар болгон. Эгерде жөнөкөй жылкы 20 дирхем болсо, жоокердин аты 300 динар турган. 2) Азыркы Иордания, Иран, Ирак, Алжир, Кувейт, Тунис мамлекеттеринин акча бирдиги.