ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛЧӨ ӨРӨӨНҮ – Алай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 км2. Талдык ашуусунан Боз-Карга кыш-на чейин 95 кмге созулат. Туурасы 40 км. Басымдуу бийикт. 1900–3000 м; эӊ жапыз жери Гүлчө кыш-нда 1526 м. Г. ө. тектон. кыймылдан пайда болгон. Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, анын ичинен өрөөндүү жерлери палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат ж. б. шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Ак-Башат, Кара-Кокту, Аюу-Тапан, Кыз-Эмчек, Кара-Сараӊ, Сары-Ала-Зоо, Кум-Шоро ж. б.) кирет. Тереӊ ж-а кууш капчыгайлар, кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик ж-а урчуктуу чулу (монолит) аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үӊкүрлөр арбын; эӊ чоӊунун уз. 28 м, бийикт. 8–12 м, киреберишинин туурасы 35 м. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18,6°С, январдыкы –7,6°С. Негизги суусу – Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөлү, Жошолу (оӊ), Каракол, Мурдаш ж. б. Таттуу-Булак, Жылуу-Суу сыяктуу булактары бар. Күрөӊ топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн субальп ж-а альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыӊгайлуу. Өрөөн аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.