ДИРИЖЁР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИРИЖЁР (французча diriger – багыттоо, башкаруу) – музыкалык чыгарма аткарып жаткан коллективди (ор­кестр, хор, ансамбль, опера жана балет труппа­сы) башкаруучу киши. Дирижёр репетицияларда даяр­доо жумуштарын жүргүзүп, спектакль менен кон­церттерде музыканын нота боюнча аткарылышын камсыз кылат. XVIII кылымда вокалдык же аспаптык капелланын дирижёру капельмейстер, орустун чиркөө хорунун дирижёру регент деп аталган. Хорду башка­руучу хор дирижёру же хормейстер деп аталат, к. Ди­рижёрлук кылуу.

Дирижёр Асанкан Жумакматов кыргыз дирижёрлук искусствосунун өнүгүшүнө көп салым кошкон.