ДИСКЕТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСКЕ́ТА – магнит дискалуу кассета-конверт. Маалыматтарды жана программаларды сактоо үчүн колдонулат. Катуу дисктен айырмаланып ийилгич жана жеңил. Бир топ жайыраак иштейт, маалымат аз батат. Негизинен дискета пластмасса­дан жасалып, эки жагынан магниттик катмар менен капталат. Дискетанын бети кабар сакталуучу бөлүктөргө бөлүнгөн (форматталган). Дискета атайын салгычка салынып, компьютерге киргизилет. Компьютер диск салгычтын ичиндеги кыймыл­сыз магниттик бөрктүн жардамы менен маалы­матты дискетага сактап жана окуп берет.