ДОСТУК МОНУМЕНТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:39, 7 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК МОНУМЕНТИ – кыргыз, орус элдеринин досту­гунун символу ка­тары тургузулган эстелик. Фрунзеде­ги борбордук аянтта ачылган (1974-жыл, 18-октябрь). Ав­торлору: айкелчилер Т. Садыков, З. Хабибуллин, монументалист сүрөтчү С. Бакашев, архитектору А. Нежурин. Достук монументи кыргыз элинин өз ыктыяры менен Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийиктиги 30 м эки ак канат сымал мрамор-­пилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус жана кыргыз калкы­нын достугун мүнөздөйт.