ЖАҢГАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢГАКТАР (Juglandaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн тукуму. Дарак, чанда бадал. Жал­бырагы татаал, жыттуу, чайыр сымал зат бөлүп чыгарат. Сабакта кезектешип жайгашкан, гүлү желекчесиз, майда, сөйкө сымал топ гүлгө чо­гулган, шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – жаңгак же сөөкчө. Жаңгактардын 7–8 уруусу, 60 түрү мелүүн же субтропик алкактарда, тропик тоо­лорунда өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 2 уруусу (жаң­гак ж-а лапина) бар. Жаңгак (грек жаңгагы, манжурия жаңгагы) ж-а кария урууларынын түрлөрүнүн чарбада мааниси чоң. Жаңгактардын мөмөсү желет, жыгачынан эмерек ж. б. буюмдар жа­салат. Кыргызстанда 4 түрү (грек жаңгагы ж. б.) өсөт.