ЖАҢГАКТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢГАКТЫ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Жаңгакты суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1360 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Өзгөн шаарынан 27 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 69 км. Калкы 1395 (2009); неги­зинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, клуб бар.