ЖАҢЫ ГЕБРИД АРАЛДАРЫ
ЖАҢЫ ГЕБРИ́Д АРАЛДАРЫ – жанартоонун атылышынан пайда болгон архипелаг. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө. Вануатуга карайт. Аянты 14,8 миң км2, бийиктиги 1860 мге чейин. 60ка жакын жанартоо бар, анын 10у аракетте. Климаты тропиктик, нымдуу. Абанын айлык орточо температурасы 20–27°С. Жылдык жаан-чачыны 1000 мм. Түндүгүндөгү аралдарын тропик токою, түштүгүндөгүлөрүн саванна ээлейт. Калкы 200 миңдей (2008). Бал камыш, кофе, какао, пахта өстүрүлөт. Эфат аралында Вануатунун административдик борбору ж-а порту – Вила шаары жайгашкан. Жаңы Гебрид аралдарын 1606-жылы португалиялык деңиз саякатчы П. Кирос ачкан; 18-кылымдын 70-жылдарында Ж. Кук изилдеп, атын койгон.