ДӨӨЛӨТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨТ (арабча давля, давлят) – 1) байлык же­тиштүүлүк, молдук. Дөөлөт «тагдыр», «буйрук» түшү­нүктөрү менен тамырлаш. Кыргыздар: «Эр жигит­ке дөөлөт үч жолу келет экен»,– деп коюшат. Аны көтөргөн (баалаган, баркына жеткен) бар, көтө­рө албаган бар. «Мээнет – жалпак, дөөлөт – того­лок» делет ылакапта. Мээнет (эмгек, аракет) качпайт, ал эми дөөлөт аны кармай албагандан ка­чат; 2) мамлекет (держава, империя маанисин­де); 3) философияда: аксиология (баалуулуктарды кастарлоо) жөнүндөгү түшүнүк. Дөөлөт – кымбат, асыл, баалуу, барктуу нерсе. Мисалы, улуттук дөөлөт, эсте­тикалык дөөлөт.