ЖАКШЫЛЫКОВ Асан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКШЫЛЫКОВ Асан (6. 10. 1949-жылы туулган, На­рын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы) – Кыргыз эл жазуучусу (2007), акын, драматург, прозаик-эссеист, котормочу, коомдук ишмер, Кыргызстан Ле­нин комсомолу сыйлыгынын лау­реаты (1979), Кыргыз Республикасынын мад­аниятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Акындардын дүйнөлүк кон­грессинин мүчөсү (1992; Штаб-квартирасы Лондон­до), Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы (1999). Фрун­зедеги политехникалык техникумду,

(1968), К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (1976), СССР жазуучулар союзунун Москвадагы жогорку ада­бий курсун (1985) бүтүргөн. 1968–1970-жылдарда Нарын районунун Куйбышев атындагы колхозунда гидротехник, комсомол уюмунун секретары, 1970–1974-жылдарда ЛКЖС Борбордук Комитетинде жооптуу кызматта иштеген. 1974–1983-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–1989-жылдарда СССР ада­бий фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн дирек­тору, 1989–1991-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1991–1995-жылдарда 1-катчы, 1995–1997-жылдарда төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиокомпаниясында «Рух» продюсердик бор­борунун директору, 1997-жылдан «Обо» гезитинин башкы редактору, 1997-жылдан КОФ Пен-клу­бунун президенти. «Таңдын ырахаты» аттуу туң­гуч ыр жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Ал «Улуу шашке» (1977), «Бейпил көктөм» (1979), «Белес» (1981), «Макмал төр» (1983), «Ыклас» (1985), «Ысык-Көл сонатасы» (1989) аттуу ыр­лар жана поэмалар жыйнактарынын, «Мээрим» (1987) аттуу ыр менен жазылган романдын ав­тору. Балдар үчүн «Жайлоодо» (1977), «Жазгы байыр» аттуу ыр китептери, тандалмаларынын 5 томдугу (1999–2000), «Учкул ойлор – Крыла­тые мысли» (2003), «Ыр дүйнө жана элет аңге­мелери» (2005) бар. «Кыргыз көчмөн цивилиза­циясы», «Манас дүйнө таанымы» (2005), «Кыр­гыз жолу», «Айкөлдүк, салттуулук, сулуулук» (2006), «Ыр чабыт» (2008) аттуу китептери жа­рык көргөн. «Көкөй кести» драмасы Нарын дра­ма театрында (1993) коюлган. Жакшылыков лироэпика­лык акын, ал мазмун жана форма жагынан эл­дик салттуулукта да, эркин ырларда да бирдей эргүү менен кеңири философиялык ой жүгүртөт. «Эстутум» жана «Кыргыз жолу» деген китептеринде кыр­гыз таанууга өзгөчө жол издеп, кыргыз фоль­клорун, тарыхын, дүйнө таанымын, көчмөн ци­вилизациясын өзгөчө өңүттө изилдейт, дүй­нөлүк диндердин негиздөө маселелерин салыш­тырууга аракеттенет. Көптөгөн ырлары ук­раин, белорус, моңгол, казак, англис тилдери­не которулган. Орус тилинде «Пути земные» (1993), «Побеги доброты» (1989), «Жизнь» (1992), «Восхождение к чистоте» (2005) жана башка китеп­тери жарык көргөн. Лирикалык ырларына обон чыгарылган, романстар жазылган. А. С. Пуш­кин, Р. Тагор, Л. Леонов, Э. Межелайтис, Б. Олейник, Г. Эмин, Абай, Я. Смеляков жана башка акындардын айрым чыгармаларын кыргыз ти­лине которгон. Медаль менен сыйланган.

Ы. Кадыров.