ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ – РКП(б) 10-съездинде (1921-жылы март) көп укладдуу экономиканы жандандыруу үчүн В. И. Ленин тарабынан сунушталган антикризисттик про­грамма. Жарандык согуш (1918–20) ж-а андан кийин большевиктер жүргүзгөн «согуштук ком­мунизм» саясаты өлкөнүн экономикасын толук бүлгүнгө учураткан. Жаңы экономикалык саясат негизинен экономикалык кризистерден келип чыккан социалдык чыңа­лууну жоюу м-н Совет бийлигинин базасын чыңдоо, жумушчу-дыйкандар союзун бекемдеп, экономикалык жактан бүлүнгөн чарбаны кризистен алып чыгып, аны калыбына келтирүү, социалисттик коомду курууга ыңгайлуу база түзүү үчүн кабыл алын­ган. Жаңы экономикалык саясат учурунда мурунку айыл чарбасындагы азык­түлүк чачымы натуралдык салык м-н алмаш­тырылган ж-а ал мурункудан 2 эсе аз болгон. Бардык мамлекеттик тапшырма аткарылгандан кийин дыйканга калган түшүмүн эркин сатууга укук берилип, жерди ижарага алууга, жалданма жу­муш күчүн колдонууга мүмкүнчүлүк алган.

К. Алымкулов.