ЖУУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУЧУ – кызга куда түшүү, анын ата-энесинин макулдугун алуу үчүн баруучу атайын өкүл. Салт боюнча жуучулукка келин алуучу ата-эне жана алардын жакын кишилери эмес, көбүнчө айыл же уруу ак­сакалдары барган. Жуучу оң жооп алып келгенден кийин гана баланын ата-энеси болочок кудала­рына барып, кудалашуунун шарттарын (сөйкө са­луу, калың, той жана башкалар) макулдашкан.