ЖАҢЫ-АРАВАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРАВАН – Ош облусунун Араван районун­дагы кыштак. Алля Анаров атындагы айыл округу­на караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Араван кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1921-жылы негиз­делген. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйкан­чылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, маданият үйү, ФАП бар.