ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР – жыгачтын табигый физикалык түзүлүшүн жана химиялык касиеттерин сактаган материалдар. Алар иштетилүүчү жана иште­тилбөөчү болуп бөлүнөт. Иштетилбеген жыгач материалдарга бутактары кыркылып, керектүү узундукта ке­силип алынган устундар кирет. Бул устундар­дын кабыгы аарчылгандан кийин, өнөр жайларда, ту­рак үй курууда, байланыш жана электр зым­дарына түркүк же мамы, жер астындагы кен байлыктарды иштетүүдө бекитүүчү материал катары пайдаланылат. Иштетилген жыгач материалдарга тилинген материалдар (тактай, шпал, брус, пар­кет тактайы жана башкалар), таарылган жана сүрүлгөн так­тайчалар кирет. Жыгач материалдардын сапаты стандартташ­тырылган, анда жыгачтын сорту, түрү, иште­тилүүдөгү кемчиликтери көрсөтүлөт.