ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 8 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ – кыргыздын эң байыр­кы тилдүү какма музыкалык аспабы. Ал сары жыгач‚ жылгын‚ шилби жана башкалардан сызгычтай жукар­тылып‚ ортосуна өзүнөн тил чыгарылып жаса­лат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп‚ жип тагы­лат. Жыгач ооз комуздун жаагын

эриндин арасына коомай коюп‚ тилине бекитилген жипти ка­гуу аркылуу үйлөп (же дем тар­тып) ойнолот. Узундугу 15–20 см‚ туу­расы 2‚2–5 см‚ жукалыгы 1‚5 см‚ тилинин узундугу 10–15 см‚ жиби 25–30 см. Эл арасында 3–4 түрдө жасалышы белгилүү. Доошу жапыз. Көбүнчө обон-күүлөр ат­карылат. Жыгач ооз комузчу­лар ансамбли Ала-Бука районун­да (жетекчиси Ш. Жоробекова, 1969)‚ Ош педагогикалык институтунда (1975) уюшулган. «Камбаркан» эт­нографиялык фольклордук ансамблин­де‚ «Ордо сахна»‚ «Азадабегим» фольклордук топторунда ойнолуп жүрөт‚ жеке да аткарылат.