ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районун­дагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 8 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАҢЫ-АРЫК 2 to ЖАҢЫ-АРЫК (Жумгал районун­дагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Нарын облусунун Жумгал районун­дагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна ка­раштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2150 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору Чаек кыштагынан 45 км чыгыш тарап­та. Балыкчы темир жол бекетинен 135 км. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 1186 (2022); негизи­нен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматы­нын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.