ЖАҢЫ-АРЫК (Кара-Суу районунда­гы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖАҢЫ-АРЫК 5 to ЖАҢЫ-АРЫК (Кара-Суу районунда­гы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Кара-Суу районунда­гы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караш­туу. Куршаб суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1020 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 18 км чыгыш тарапта. Кыштак 1960-жылы негизделген. Калкы 7035 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, амбулатория бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, таме­ки ферменттөөчү завод ж. б. иштейт.