ЖАҢЫ-БАК
ЖАҢЫ-БАК – Баткен районундагы кыштак. Самаркандык айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 38 км түштүк-батыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 10 км. Кыштак 1970-жылы негизделген. Калкы 2691 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.