ЖАҢЫ-ДЫЙКАН
ЖАҢЫ-ДЫЙКАН – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 8 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 15 км. Калкы 2880 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб, ФАП бар.