ЖЫЛГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:32, 9 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГЫЧ (ползун) – крейцкопф, түз сызыктуу багытта алга-артка умтулуу кыймылын, ал эми жаа багытында термелүү кыймылын аткаруучу тетик. Жылгыч кривошип-ползун, кулистүү жана ай­рым механизмдин тетиги катары кызмат кы­лат. Металл кескич станокто жылгычка кесүүчү шай­ман орнотулуп, түз сызыкта кыймылдайт. Ичи­нен күйүүчү, поршендүү, компрессордуу кый­мылдаткычтарда жылгычтын жумушун поршень ат­карат. Ал узата таасир эткен күчтү шатунга, ал эми туура тарапка кеткенди багыттагычка берет.