ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 9 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖЕР ТООСУ Ички Теңир-Тоодогу Жаңы- Жер м-н Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында. Бор­колдой тоосунун батыш уландысы. Узундугу 104 км;

туурасы 17 км. Көбүргөндү-Бел м-н Келин-Тай­гак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу м-н Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орточо бийиктиги 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон ж-а карбон мезгилдеринин сланец, кум­дук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түштүк капта­лында, адырларда палеогендин кызыл конгло­мераттары чыгып турат. Рельефи альп тибин­де. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кең-Суу, Кашка-Суу, Ак-Байтал ж. б.) м-н тилмеленген. Байыркы муз каптоонун из­дери көп. Азыр да түндүк беттеринде (Аюу-Төр, Суусар-Төр) мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шал­баалуу талаа ж-а субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттар мүнөздүү. Түндүк бетинде ж-а өрөөн­дөрдө сейрек жапалак арча өсөт.