ЖЭЭК (жиптен ийрилип жасалган тасмача)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 9 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЭЭК – оң, сол ийрилип чыйратылган эки же үч бөлөк жиптен жасалган жалпак же жумуру тасмача. Жээктелүүчү буюмга жараша ар кан­дай жоондукта, ар башка (бир же бир нече) түстө болуп, жоон ийрилген жүн жиптерден гана эмес, ичке жибек же кебез жиптерден да жасалат. Жээк шырдак, аяк кап, табак кап, секиче, эшик тыш, үзүк, туурдук, түндүк жабуу сыяктуу кийиз буюмдардын жээгине же оймо тигиштеринин үс­түнө бастырылат. Жээк жөрмөп тигилген тигиш­ти жашыруу менен жасалган буюмга көрк берип, анын чоюлбай жана кебинен бузулбай турушун камсыз кылат. Аны менен эркек көйнөктөрдүн жака-жеңи, белдемчинин чети, салаа тигиште­ри, мээлей тигиштери, балдар кийимдеринин кооздолуучу жерлери жээктелет. Айрым жерде кийимдердин, буюмдардын көбөөсү жээк же кы­йык деп аталат.