ЖЭЭН
ЖЭЭН – кыргыздын салттуу туугандык жайында аялдын төркүнү тарап үчүн анын балдарынын туугандык мамилесин билдирүүчү атоо. Жээндин аялы жээн келин, жээн кыздын күйөөсү жээн күйөө деп аталган. Жээн балдары жээнчер деп аталат. Салт боюнча жээн. бала бир тууган катары эсептелип, 3–4 ата өтө элек жакын таекелеринен кыз албаган, жээн кыз андай жакын таекелерине турмушка чыккан эмес. Бул салт жээнчерлерге карата колдонулбаган. Жээнге карата мамилелер кыргыздын туугандык жайында өзгөчө орунду ээлеген. Адатта жээн. таекелерине келгенде өзүн эрке алып жүргөн, каалаган буюмун суроо-сопкутсуз алып кетүүгө акылуу болгон. Жээндин салттуу коомдогу мындай абалы «Жээн эл болбойт, желке тон болбойт», «Жээн киргиче, жети бөрү кирсин» деген макалдарда көрсөтүлгөн.