ЖҮН КЛАССТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 9 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖҮН КЛАССТОО – жүндү технологиялык өзгөчөлүктөрү, белгилери жана касиеттери боюнча топко, класска жана сортко бөлүү. Жүн эмнеден алынганына жараша төмөнкү класстык топтор белгиленген: кой жүнү, эчки жүнү, төө жүнү, заводдук жүн (көбүнчө булгаары сырьёсу үчүн кайра иштетил­ген уй жана жылкы терисинен алынат), эски жүн (көөнөргөн жүн буюмдарынан алынат), химиялык була (жасалма же синтездик жүн), коён тыбыты. Кой жүнү андагы жүн булалары боюнча бир тектүү жана аралаш жүн болуп бөлүнөт. Бир тектүү жүн ичкелиги, тармалдыгы, узундугу жана башка сырткы белгилери боюнча бирдей булалар­дан турат, аралаш жүн – ичкелиги, тармалды­гы, узундугу жана башка белгилери боюнча кескин айыр­маланган булалардан туруп, жогорку, 1-, 2-, 3- класстарга бөлүнөт. Бир тектүү жүн уяң жана чала уяң, аралаш жүн чала кылчык жана кылчык жүн болуп айырмаланат. Уяң жүн тыбыттуу була­лардан турат. Буласынын орточо жоондугу 25 мк­дон ашык эмес, башкача айтканда 60-сапаттан жоон эмес бо­лот. Чала уяң жүндүн эң ичкесинин орточо жоон­дугу 25,1–27 мк же 58-сапатта, эң жоонунуку – 29,1–31 мк же 56/50-сапатта болот. Чала кыл­чык жүнгө тыбыттуу жана өтмө булалардан баш­ка кыйла ичке кылчык да кирет. Бул топко бир тектүү жүндүн 50-сапаттан жоон (31,1– 34 мк) болгон айрым түрү да тиешелүү. Кылчык жүн тыбыттуу, кылчыктуу жана өтмө булалар аралашмасынан турат. Кылчык жүндүн орточо жоондугу 23–60 мк болот. Жүн ылгоо өнөр жайында жүн атайын өнөр жайлык класстоодон өткөрүлүп, тийиштүү белги жана касиеттерине жараша ий­рилүү жана башка технологиялык сапаттары аныкталат.