ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ
ЖҮН ТАРАГЫЧ ЖАНА ТЫТКЫЧ – жүндүн өтө кыска бөлүктөрүн жана андагы кошулган ар кандай башка заттарды бөлүп алууга арналган машина. Бул машина чыкканга чейин жүн эки болот тарактын жардамы аркасында кол менен таралган жана тытылган. Биринчи жүн тарагыч машина 1827-жылы ойлонуп табылган. Жүн тытуу үчүн тытуучу 2 же 3 барабаны бар машина колдонулат. Мында жүндү тытуу, тазалоо жана тытылган жүндөн шоона чоюп, аны түрүү процесси аткарылат, карагыла, Жип ийрүүчү машина.