ЖАҢЫ-КОРГОН
ЖАҢЫ-КОРГОН – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Бирлик айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1920 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 90 км. Калкы 1052 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.