ЖАҢЫ-МААЛА
ЖАҢЫ-МААЛА – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 935 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 4 км. Калкы 4548 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП бар.